Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 22-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;
Бишкекте 22-сентябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +24…+26 градус болот.