Биз менен байланышыңыз

Венера Рыскулова Оштун вице-мэри болуп дайындалды

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 1031 | 0

Венера Рыскулова Ош шаардык мэриясынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 21-сентябрда кол койду.

Венера Рыскулова 40 жашта. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган.

Эмгек жолу:

— 2004-2010-жылдары — «Фондрегистр» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалы — директордун орун басары;

— 2014-жылы — Улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) тышкы соода жана отун-энергетикалык баланстын статистикасынын маалыматтарын даярдоо бөлүмү — башкы адис;

— 2014-2016-жылдары — Улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) колдонуучулар менен иштөө жана байланышты камсыз кылуу бөлүмү — бөлүм башчынын орун басары;

— 2016-жылдары — Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалыматтарды жайылтуу бөлүмү — маалымат катчы;

— 2016-жылы — Улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер жана экономикалык баланстар системасы бөлүмү — башкы адис;

— 2016-2017-жылдары — Өкмөттүн аппаратынын ишмердигин камсыз кылуу тобу (Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгы) — башкы адис;

— 2017-2018-жылдары — Өкмөттүн аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү — референт;

— 2018-2019-жылдары — Өкмөттүн аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмү — референт;

— 2019-жылы — Өкмөттүн аппаратынын кеңсесинин регламент жана Өкмөттүн отурумун уюштурууну камсыздоо бөлүмү — референт;

— 2019-2021-жылдары — Өкмөттүн аппаратынын кеңсенинин жарандардын кайрылуулары сектору — референт;

— 2021-жылдын 15-апрелинен тартып Өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү — эксперт.

Эки жогорку билимдин ээси, мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM