Биз менен байланышыңыз

Канада: Парламенттик шайлоодо Жастин Трюдонун партиясы эң көп добуш алды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 466 | 0

Кечээ, 20-сентябрда Канадада өткөн парламенттин төмөнкү палатасын (жамааттар палатасы) шайлоодо премьер-министр Жастин Трюдонун партиясы эң көп добуш алды.

Бийликтеги Либералдык партия шайлоочулардын дээрлик 47%ынын добушуна ээ болду. Мунун аркасы менен аларга жамааттар палатасында 338 орундун 156сы тиет. Бирок өкмөттү өз алдынча куроо үчүн аларга дагы 14 мандат жетпей калууда.

Андан кийинки орунда шайлоочулардын 35,5% добушун алган Консервативдик партия келе жатат. Алар төмөнкү палатадан 123 орунга ээ болот.

Эскерте кетсек, Канадада парламенттик шайлоо 2023-жылы өтүшү керек болчу. Бирок быйыл август айынын ортосунда өкмөт башчы Жастин Трюдо парламентти таркатуу чечмин билдирип, кезексиз шайлоону 20-сентябрга белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM