Биз менен байланышыңыз

Тажикстандан 2400 кг жүзүм алып келаткан жаран кармалды

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 205 | 0

Баткен облусунун Лейлек райондук чек арачылары бир күндө эки аткезчини колго түшүрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек арачылар Лейлек районунун Сай тилкесинен Тажикстан тараптан келаткан 1981-жылы туулган А.К. аттуу Кыргызстандын жараны айдаган «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасын токтоткон. Текшерүү учурунда унаага жүктөлгөн 2400 кг жүзүм табылган. Товардын эч кандай уруксат кагазы болгон эмес.

Ушул эле күнү Лейлек районунун Сада тилкесинен Hyundai-Porter унаасы токтотулган. Унаанын айдоочусу Тажикстандан документтери жок курулуш жана чарба материалдарын жүктөп келаткан.

Чек арачылар документтерди толтургандан кийин айдоочуларды жүктөрү менен кошо андан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөзүп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM