Биз менен байланышыңыз

УКМК: Руслан Чойбеков тергөө бүткөнчө камакта болот

Кыска кабар | 18 Сен 2021 | 853 | 0

Алдамчылык боюнча кармалган мурдагы депутат Руслан Чойбековдун баш коргоо чарасы аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, Бишкектин Биринчи май сотунун чечими менен ал тергөө иши бүткүчө камакка алынды.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ал 16-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM