Биз менен байланышыңыз

Эне жана баланы коргоо борборунда балдар онкологиясы ачылды

Кыска кабар | 18 Сен 2021 | 516 | 0

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагында курулган 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн расмий ачылышына катышты.

Балдар онкологиясын куруу «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган. Ал биринчи жолу балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. 70 орундан туруп, анын ону интенсивдүү терапия палатасына карайт.

Ошондой эле жандандыруу бөлүмү жана эки операция палатасы бар. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар иштейт.

«Эми балдар онкологиясынын колунда биринчи жолу өздөрүнүн гемодиализ үчүн аппараты менен реанимациясы болот. Баш мээсинде залалдуу шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андай бейтаптар бардык оорулуулардын 30%ын түзөт. Тар багыттагы адистер менен консультация жүргүзүү мүмкүндүгү менен жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, балдар онкологиясын атайын балдар клиникасына которгондон кийин гана жалпы балдар онкокызматын өнүктүрүүдө оң жылыштар жана өлүм санын азайтуу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM