Биз менен байланышыңыз

Бир катар мамлекеттик жетекчилер ишембиликке чыкты (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Сен 2021 | 368 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Президенттин администрациясынын кызматкерлери Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышты.

Алар Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын айланасын тазалашты.

«Ар бир жаран жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө камкор жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу керек. Өсүп келе жаткан муунду жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөтүүбүз зарыл. Жаратылышка канчалык аяр мамиле кылсак, ал бизге ошончолук мээримин төгөт», — деди Улукбек Марипов.

Марипов Ботаникалык бактын инфраструктурасын өнүктүрүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, донордук уюмдардын күч-аракетин бириктирүү зарылдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM