Биз менен байланышыңыз

Кыска метраждуу тасмалар фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 377 | 0

14-сентябрдан бери өтүп жаткан «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» X эл аралык фестивалы бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында жыйынтыкталып, атайын номинациялардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Айта кетсек, номинациялар эл аралык жана улуттук алкакта белгиленген. Ага ылайык, эл аралык багыт боюнча катышкан төмөнкү тасмаларга сыйлыктар ыйгарылды: 

«Мыкты тасма» — «Обуза» тасмасы, режиссёру Манзарали Шерали (Тажикстан);

«Мыкты режиссура» — «Вираго» тасмасы, режиссёру Керли Кирх Шнейдер (Эстония);

Калыстардын атайын байгеси — «Друг» тасмасы, режиссёру Андрей Светлов (Беларусь);

«Эл сүймөнчүгү» — «Мээрман» тасмасы, режиссёру Айкөл Нурланбек уулу (Кыргызстан);

«Автордун өзгөчө стили үчүн» калыстардын атайын диплому — «Техно, Мама» тасмасы, режиссёру Саулюс Барадинскас (Литва);

«Классикалык кино өнөрүнүн татыктуу талапкери» калыстардын атайын диплому — «Түйме (Топчу)» тасмасы, режиссёру  Нурбол Ерболулы (Казакстан).

Ал эми улуттук багыт боюнча төмөнкү тасмаларга номинациялар берилди:  

«Мыкты тасма» — «Кайыкта» тасмасы, режиссёру Байзак Маматалиев;

«Мыкты режиссура» — «Тайгак жол» тасмасы, режиссёру Гүлнара Айтмаматова;

Калыстардын атайын байгеси — «Үй» тасмасы, режиссёру Алтынкыз Шаршенкулова;

«Эл сүймөнчүгү» — «Секелек» тасмасы, режиссёру Айпери Усманова;

«Кадрды жакшы тандоо» калыстардын атайын диплому — режиссёр Айбек Байымбетовдун «Ак кел» тасмасынын коюучу оператору Эржан Аракеев.

«Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» Х эл аралык кинофестивалы Эгемендиктин 30 жылдыгына арналды. Бул жолку фестивалга чет элдик жана кыргыз кино ишмерлеринен 500гө жакын арыз келип түшкөн. Калыстар тобу алардын ичинен 12 улуттук, 14 чет элдик тасманы сынакка тандап алышкан.

Кинофестиваль КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык фондунун, Кинематография департаментинин, «Айтыш» коомдук фондунун, Маданий кызматташтык фондунун колдоосу менен уюштурулган.

Белгилей кетсек, бул саамалык 2010-жылы коомдук ишмер, режиссёр, продюсер Садык Шер-Нияздын демилгеси менен КМШга мүчө мамлекеттердин, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын маданий байланышын чыңдоо, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо аркылуу салттуу маданий баалуулуктарды өнүктүрүү максатында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM