Биз менен байланышыңыз

Түркияда Курманжан Датканын айкели орнотулат

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 451 | 0

Түркиянын Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде Курманжан Датка атындагы парк ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 15-сентябрда Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушкан.

Анда Чубук муниципалитетинде Курманжан Датка паркын ачуу жана анда анын айкелин орнотуу боюнча мурда кол коюлган макулдашууну ырасташкан.

Ошондой эле тараптар ар кандай тармактарда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM