Кыргызстандык «Сальвадор Дали» кыска метраждуу тасмасы Кореянын Пусан шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга катышат.
Кинофестиваль 6-15-октябрда өтөт. «Сальвадор Дали» тасмасы «Кең бурч» сынактык программасына тандалып алынган.
Тасмага режиссёр Элдияр Мадаким өзүнүн балалык чагын тарткан.