Биз менен байланышыңыз

«Орел и Решканын» Кыргызстан тууралуу экинчи берүүсү чыгат (видео)

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 363 | 0

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн жайылтуу максатында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги «Орел и Решка» программасынын продюсерлери менен Кыргызстан жөнүндө эки телеберүүнү тартуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын июль айында телеберүүнү тартуу тобу Кыргызстанга жөнөтүлгөн, анда Туризм департаментинин жана туризм секторунун өкүлдөрүнүн жардамы менен эки программа тартылган.

Бул программалар Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата даярдалып, 11-сентябрда «Новый» жана «Пятница» украин телеканалдарында биринчи тасмасы көрсөтүлгөн.

Экинчи берүү 18-сентябрда жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM