Биз менен байланышыңыз

Селден жабыркаган ирригация объектилерин оңдоого 100 млн сом бөлүнөт

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 190 | 0

Үстүбүздөгү жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин натыйжасында талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Бөлүнгөн каражат дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба обьектилерин оңдоо иштерине жумшалат.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине 2021-жылга каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жыйынтыктоону камсыздоо тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM