Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) сессиясына катышты. Президенттер аймактык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык, Ооганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты.
Саммит Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.
ЖККУ саммитинин жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
- ЖККУнун коопсуздук кеңешинин декларациясы;
- ЖККУга мүчө-мамлекеттердин территориясында коопсуздук күчтөрүнүн жана каражаттарынын убактылуу жайгашуу иштерине байланыштуу, юрисдикция маселелери жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча келишим;
- ЖККУнун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо жөнүндө келишим;
- ЖККУнун 2007-жылдын 6-октябрындагы тынчтык орнотуучу ишмердик жөнүндөгү келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- «Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун 20 жылдыгына арналган иш-чаралар планы жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун ыкчам чара көрүү күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, атайын каражаттар менен камсыздоо планы жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун корголгон мультисервистик байланыш түйүнүнүн схемасы жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысынын тынчтык орнотуу маселелери боюнча атайын өкүлү жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мамлекеттер аралык аскердик-экономикалык кызматташтык комиссиясынын төрагасы жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Бириккен штабынын башчысы жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун аскердик контингенттеринин курамы жана атайын багыттагы күчтөрүн калыптандыруу жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын отчету жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун 2022-жылга бюджети жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин чечими;
- «Уюмдун төрагалыгы, ЖККУнун коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын убактысы жана өткөрүү орду жөнүндө» ЖККУнун коопсуздук кеңешинин протоколдук чечими.