Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Ооганстандагы абалга тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 495 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Ооганстандагы азыркы кырдаалга тынчсызданат.

«Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаал тынчсызданууну жаратууда жана ал ич ара тыгыз кызматташууну талап кылат. Өз тарабыбыздан биз биргелешкен ишти колдоого даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз«, — деп белгиледи ал.

Ал биздин аймакта теократиялык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этерин белгиледи.

Аны менен бирге ал кыргыз тараптын Ооганстан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактай турганын билдирди.

Ошол эле учурда Жапаров Ооганстандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын айтты.

«Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», — деп белгиледи Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM