Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: БШК төрайымы партияларды биригүүгө чакырды

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 936 | 0

Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия катталган. Анын ичинен алты партия шайлоо фондун ача элек, эки партияны каттоодон баш тартылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова партияларды биригүүгө чакырды. Себеби партиянын көп болушу добуштардын бөлүнүшүнө алып келип, жыйынтыгында көпчүлүк шайлоочунун өкүлү парламентке өтпөй калат.

«2010-жылы өткөн парламенттик шайлоого 29 партия катышкан, босого 5 пайыз болчу. Бул Жогорку Кеңешке өтүүгө жакшы шарт болду деген психологиялык иллюзияны түзгөн. Бирок 29 партиянын көпчүлүгү мандат бөлүштүрүүдө четте калып калышкан. Добуш берүүгө катышкан 36 пайыз шайлоочунун өкүлдөрүнө мандат жетпей калган. Анткени 19 партия өтпөй калган. Алдыңкы катарда оппозициялык партиялар өткөндүктөн мындай кемчилик байкалбай калган.

2015-жылы өткөн шайлоодо 14 партия катышып, 6 партия өткөн. Анда партиялар биригип, электораты да бир багытта болушкан, жыйынтыктар тең салмактуу болгон. Шайлоодон кийинки абал дагы туруктуу болгон.

Быйылкы шайлоодо партиялар өз колу менен шайлоодон кийинки кризисти жаратып алышы мүмкүн. Себеби партиялардын саны көп, атаандаштык бар, мындан улам добуштар бөлүнүп кетип, көбүнө мандат жетпей калат»,-дейт Шайлдабекова.

2020-жылы өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо 44 партия арыз берип, 16сы катышкан.

Быйыл парламентке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Аралаш система парламентке кимдерди алып келет?

Copyright © 2017 Maral FM