Биз менен байланышыңыз

Чаткалда жер алдынан өткөн дамбага каршы митингге чыгышты

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 769 | 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Алар «Вертекс Голд» алтын ишканасынын кооптуу делген жайга калдык сактоочу дамба куруп жатканына каршы болушууда.

Буга чейин Жогорку Кенештин убактылуу депутаттык комиссиясы да «дамба кооптуу жерге салынып жатат» деген корутунду чыгарган.

Жергиликтүү тургундар: «Калдык таштоочу дамба салынып жаткан жердин алдынан Чаткал дарыясына түз куйган суу өтөт. Андыктан аймактагы тоодон жүргөн көчкү же сел дамбаны жырып кетсе, андагы цианид түз сууга кошулуп, экологиялык кырсык болот», — деп кооптонушууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM