Биз менен байланышыңыз

Мамлекет уран иштетүүгө уруксат бергиси келет

Саясат | 14 Сен 2021 | 1339 | 0

Кыргызстанда 100% мамлекеттик үлүшү бар ишканаларга уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай демилгени Энергетика жана өнөр жай министрлиги көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоордо уран жана торий кенин изилдөөгө, радиоактивдүү калдыктарды жана тоо-кен таштандыларын иштетүүгө уруксат берүү тартиби жазылган. 

Эске салсак, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин казууга эл каршы чыгып, бир нече жолу нааразычылык акциялары уюштурулуп, ал тургай Балыкчыдан Бишкекке чейин жөө жүрүш да жасалган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран, торий кенин казууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Азыркы бийлик ошол мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизип, кайрадан коомдук талкууга койду. Жаңы мыйзам долбоорунда эмне өзгөрдү жана кандай максатты көздөйт? Экологияга зыяны тийбесине ким кепилдик берет? Бул суроолорго алдыда кененирээк жооп алабыз. 

Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жаңы мыйзам долбоорунда курамында уран жана торий бар чийки заттарды жана калдыктарды өлкөгө алып келүүгө, жеке жана юридикалык жактардын уран, торий кендерин иштетүүсүнө мурункудай эле тыюу салынат. Ошол эле учурда 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбалар же мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргеликте уран, торий кендерин, радиактивдүү калдык сактоочу жайларды иштете алат.

Мыйзамды Энергетика жана өнөр жай министрлиги демилгелеген. Министрдин орун басары Тилек Айталиев бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бүгүнкү күндө кодекстин долбоору иштелип чыккан. Анда «мамлекеттик ишканаларга, мамлекетте үлүшү бар ишканаларга ушуга окшогон жерлерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилет» деген ченем каралган. Бирок ошол эле ченем, иштелип жаткан долбоор, кодекс, мыйзам, токтом болобу, жалпы ушул тармактагы келечекте дагы түзүлүп калышы мүмкүн делген маселелерди камтыган документ болушу керек. Ошол маалда биздин укуктук-ченемдик базада иш-аракеттерди белгилеп, жөнгө сала турган мыйзамдык ченемдер болушу керек. Анан ар бир жаралган кырдаалга жараша эле мыйзамдарга өзгөртүү киргизе берсек, ишибиз алдыга жылбайт. Толуктоолордун негизиндеги ушул долбоордогу ченемдин мааниси: мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик үлүшү бар уюмдар тарабынан иштетилгенинде». 

Кыргызстанда 92 радиоактивдүү уулуу заттарды камтыган туюк жайлар (хвостохранилище) бар. Анын 6оында радиоактивдүү калдыктар бар. Бүгүнкү күндө жалпы 286 млн уулуу зат ошол туюк жайларда жатат.

2019-жылдын 30-апрелинде Бишкекте уран кенин казууга каршы бир канча жолу нааразычылык акциясы өткөн. Митингге чыккандар бийлик органдарына: «Кызыл-Омпол уран чачынды кендерин изилдеп казуу иштери токтотулсун жана эч кимге берилбесин; Кыргызстандын аймагындагы бардык уран кендери жабылсын, түбөлүк мораторий киргизилсин» деген талап коюшкан. Андан соң 2-майда Жогорку Кеңеш республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган. Жыйынга катышкан 108 депутаттын 90у «макул» деген добуш берген. Мыйзамдын кабыл алынышы менен маселе чечилген сыяктуу болгон.

2019-жылы Бишкекте өткөн митингдин уюштуруучусу Элери Битикчи ошол кезде бүгүнкүдөй эле себептерден уранды казууга каршы чыгышканын айтып, Өкмөт өзү буга чейин казылып, калдыгы калган туюк жайларды сактай албай, чет өлкөлүк донорлордон акча сурап жүргөнүн эскертти.

Битикчи белгилегендей, урандын кесепети миңдеген жылдарга созулуп, келечек муундун негизги көйгөйүнө айланат. Ошол эле учурда ал бийликтин уранды жаңы технология менен экологияга зыяны жок кылып казуу боюнча айтканына ишенбейт. Ал аны 100% калп деп эсептейт.

«Мына казабыз, экологияга эч кандай зыяны болбойт» дегендин баары калп. Бүт жакта баары урандын зыянын, кандай кесепеттерди алып келе турганын билет.  Себеби, андай технология жок, радиациядан эч ким сактай албайт, калдыктар калат. «Экологияга зыян бербейт» дегенге эч кандай кепилдик жок. Бардык тоо-кенди иштетүү экологияга зыян берет. Тоодогу 1-2 см топурактын калыптанышы үчүн миңдеген жыл керек. Бир эле күрөк менен казганыңдын өзү зыян. Бул жерде уранды казууга кайра уруксат берүүнүн көтөрүлүп жатышы коррупция деп ойлойм. Уран каякка иштетилет? Атомдук электр станциясына, ядролук курал-жаракка керектелет. Ошонун баары мамлекетке кетет, ошол эле учурда ошол тармакта чоң коррупция бар. «Орусия менен чогуу коррупциялык иштерди кылабыз» деп жатышат окшойт. Себеби Орусияда да коррупция өнүккөн. Мен ошону эле көрүп жатам.  Орусия менен чогуу ишке ашыра турган коррупциялык долбоор дагы пайда болуп калган го… Аны ишке ашыруу үчүн булар дагы деле кыялданып жүрүшөт го… Бирок биз буга такыр жол бербейбиз».

Экологдордун айтымында, Советтер Союзунун тушунда — 1940-жылдан 1960-жылга чейин Кыргызстанда уран байма-бай казылып келген. Анын калдыктарын сактоочу жайлар ачылган. Ошол кездеги казылган уран калдыктарынын зыяны бүгүнкү күнгө чейин кесепетин тийгизип келет. Уран — табиятка, мал-жандыктарга, элдин ден соолугуна өтө зыяндуу. Калдык сактоочу жайлар табигый кырсыктардын негизинде бузула турган болсо, анда экологиялык чоң коркунучту пайда кылат. Окумуштуулардын айтымында, уулуу заттардын экологияга келтирген зыянын кайра калыбына келтирүгө 100 жыл талап кылынат.

БУУнун иликтөөсү боюнча урандын кесепетинен Майлуу-Суу шаары дүйнөдөгү эң кир шаар деп аталган. Анткени Майлуу-Суунун өзүндө эле 23 калдык сактоочу жай бар.

Чаткал жана Майлуу-Суунун калкынын урандын калдыктарынан тарткан зыянын бүгүнкү күнгө чейин мамлекет жашырып келгендигин эколог Анара Султангазиева айтат.

Анын айтымында, урандын кесепетинен эки баштуу козулар, үч мүйүзүү музоолор, майып балдар төрөлөт. Жергиликтүү калк анемия жана онкология ооруларына көп кабылат.

«Эгерде бул мыйзам өтсө, мунун жакшылыгын, пайдасын бийлик башында отургандар гана көрөт. Ал эми элге зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Экологияны болсо, ого бетер талкалайбыз. Экологияны коргоо үчүн республикалык бюджеттен бир сом акча которулбайт. Анан биздин бийликтегилер жер ресурстарын талап-тоноп, каймагын сүзгөндү гана билишет. Мен биздин бийликтин элге, жаратылышка кылган мамилесине абдан капамын. Муну жөн эле чыккынчылык деп айтса болот».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев жаңы технологиялар менен казып алса, урандын экологияга эч кандай зыяны жок экенин айтат.

«Мына жакынкы эле биздин коңшуларыбыз уранды эч кандай экологияга зыяны жок алып жатат деген маалымат уктум. Ошондуктан бул жерде саясатка айландырбоо керек. Эгерде техникалык жактан бардык мүмкүнчүлүктөр болсо, уранды казганда эч кандай зыян тийбесе, бул байлыкты элге берип, колдонуу керек деп ойлойм».

Ал эми депутат Дастан Бекешов жаңы долбоорду жыйынга алып келсе, кандай технология менен, кантип иштете турганын көрүп, андан соң пикирин айта турганын билдирди. Ошол эле учурда Бекешов бул долбоордун кайрадан көтөрүлүп жатканын бир компания мене сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн деп эсептейт. Мындан сырткары уран казууга каршы экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM