Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 699 | 0

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 20-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Маалыматка караганда, сот отуруму судья Азирет Осмоновдун ооруп калганына байланыштуу жылдырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүүсү күтүлгөн бүгүнкү отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинери айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM