Биз менен байланышыңыз

Бажы алымдары жана салыктын көлөмү өзгөргөн эмес

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 226 | 0

Министрлер кабинети бажы алымдары эки эсе өсүп кеткени тууралуу айтылгандарга түшүндүрмө берди. Билдирүүгө караганда, бажы алымдары жана салыктын көлөмү өзгөргөн эмес.

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн товар импорттоодо Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин 46-беренесинин 1-пунктуна ылайык, төмөнкү бажы төлөмдөрү төлөнөт:

— товардын бажы наркынын 0,25 пайыз өлчөмүндө товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттер үчүн бажы алымы;

— Бирдиктүү бажы тарифи менен белгиленген импорттук бажы алымы;

— 12% кошумча нарк салыгы.

Импорттук бажы алымдарынын белгиленген ставкалары ЕАЭБ мамлекеттери үчүн бирдей.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM