Биз менен байланышыңыз

«Электромобилдерди жеткиликтүү кылуу үчүн лизингге алуу каралууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2021 | 721 | 0

Кыргызстандыктардын электромобилдерге өтүшүн ылдамдатуу максатында өкмөт аларды лизингге алууну караган программа түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 1 млн 200 миңге жакын жеңил автоунаа катталган. Чоң автоунаалардын саны дагы көп. Экологиялык маселени козгобогондо деле, экономикалык жактан өлкө жарандарынын электромобилдерге батыраак өткөнү мамлекетке пайда.

«Бизден нефть, газ чыгып атпагандан кийин электромобилдер биздин өлкө үчүн гана жаралгандай сезилет. Канчалык тез электромобилдерге өтсөк, ошончолук биздин экологияга эле эмес, экономикабызга да пайда. Электромобилдердин өлкөгө киришин жеңилдетүү максатында буга чейин аларды бажы алымдарынан бошотуу каралган. Бирок быйыл декабрь айында анын мөөнөтү бүтүп атат. Биз Евробиримдикте, Бажы союзунда бул маселени кайра көтөрүп, жок дегенде дагы бир 3 жылга узартуу керек деген  программаны киргизип атабыз. Ал эми бул жакка алып келүү, жайылтуу үчүн 8-10 жылга лизингге алууну караган программаны түзүп жатабыз», — дейт аткаминер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM