Биз менен байланышыңыз

75 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди (тизмеси)

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 3 Сен 2021 | 914 | 0

Бүгүн, 3-сентябрда саат 18:00дө 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардан билдирүүлөрүн кабыл алуу аяктады.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн жалпы 75 партия берүүгө жетишкен.

Партиялардан ичинен шайлоого катышуу тууралуу билдирүүнү биринчи болуп «Социал-демократтар» 30-августта саат 12:29да калтырган. Ал эми акыркы болуп бүгүн саат 17:59да «Эне жүрөгү – Мекен» партиясынан билдирүү келип түшкөн.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде кайрадан иштелип оңдолуп-түзөлгөн мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Парламенттик шайлоого катышуу тууралуу БШКга билдирүү калтырган партиялардын тизмеси

Copyright © 2017 Maral FM