Биз менен байланышыңыз

Гипертония жана коронавирус. Дарыгерден кеңеш

Кыска кабар , Мединфо | 2 Сен 2021 | 416 | 0

Жогорку артериялык кан басым менен жабыркаган адамдар коронавируска чалдыгып калганда, мурун ичип жүргөн дарыларын токтотуп коюп жатканы туура эмес. Бул тууралуу №4 Үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Жамиля Кенжебаева «Маралдын» түз эфири учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 илдетине чалдыгып калган бейтаптар дарыларын токтотпошу керек. Мурда кандай өлчөмдө ичсе, ошондой ичип, үй-бүлөлүк дарыгерлер менен тыгыз байланышта болуп туруу сунушталат.

«Гипертония өтүшүп кетсе, инсультка алып келет. Андыктан, ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуп, дарыларды өз учурунда ичип турууга чакырам», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM