Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Шулико акча жоктугунан Гиннес китебине кире албай жатат

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 1292 | 0

Алты күндө Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд жараткан кыргызстандык суучул Владислав Шулико Гиннес китебине каражаттын жоктугунан кире албай жатат. Бул тууралуу «Дасмия» компаниясынын фитнес-директору Александр Кузнецов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Гиннес рекорддор китебине билдирүү калтыруу үчүн бир топ каражат талап кылынат.

«Гиннес китебине билдирүү калтыруу бүгүнкү күндө бир топ каражатты талап кылат. Ал каражат биздин командада жок», — деди Кузнецов.

Ошондой эле Кузнецов бул багытта жардам көрсөтө турган демөөрчүлөр менен иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Владислав Шулико 181 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, рекорд жараткан. Ал көлгө 22-августта Каракол шаарынан кирип, 27-август саат 15:30дар чамасында Балыкчы шаарындагы «Алия» эс алуу жайынан чыккан.

Суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, рекорд койду (сүрөт, видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM