Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сегизинчи IT-форум өтөт

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 313 | 0

Кыргызстанда инновациялык технологиялардын VIII форуму өтөт. Иш-чара 29-сентябрга белгиленди.

Форум — маалыматтык-коммуникациялык тармактагы эң чоң иш-чара. Ал 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бул жолку  IT-форумда COVID-19 пандемиясы учурундагы санариптештирүү жаатында болгон көйгөйлөр жана чечимдер, санариптик трансформациянын жаңы стратегиялары жана технологиянын өнүгүү тенденциялары талкууланат.

Форумга Кыргызстандын санариптик өнүгүү министри Дастан Догоев жана бир катар жергиликтүү, эл аралык IT-уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чара тууралуу бул шилтеме аркылуу кенен маалымат алып, катышууга катталсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM