Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда биринчи жолу мергендердин снайпинг мелдеши өттү

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 252 | 0

28-августта Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата, снайпинг Федерациясы Кыргызстандын уруш жана практикалык аткычтар Федерациясы менен биргеликте Баш-Кара-Суу айылындагы «Выстрел» спорт клубунун аймагында Т-класстагы мелдешти өткөрдү.

Жогорку тактыкта ​​атуу боюнча профессионалдар жана ышкыбоздор тактык, ылдамдык, кунт коюу боюнча таймашып, 100дөн 730 метрге чейинки аралыкта, туруктуу жана туруксуз позициялардан, кагаз жана металл бутага атышты. 43 катышуучу байге фонду 135 миң сом болгон 1, 2 жана 3 –орун үчүн ат салышты. Атайын байгеге коюлган — чехиялык Meopta компаниясынын оптикалык көрүнүшү үчүн мыкты мергендер таймашты. Ошондой эле жарым автомат категориясы боюнча дагы үч жеңүүчүсү тандалып алынды.

Мелдешке мыйзамдуу түрдө ок атуучу куралы бар, аны сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берилген гана кыргызстандыктар катыша алышты. Ошондой эле мелдешке күч структурасынын өкүлдөрү да келип катышты. Мелдештин алдында бардык ок ​​атуучуларга коопсуздук боюнча көрсөтмө берилди.

Кыргызстанда өткөн биринчи жолку бул расмий мелдешке Орусия жана КМШ өлкөлөрү да көз салып турду. Турнир Эл аралык T-класс конфедерациясында каттоодон өткөн. Беттештин башкы калысы болуп, кыргыз тараптын чакыруусу менен Бишкекке учуп келген, Орусиянын так атуу боюнча федерациясынын калыстар тобунун башчысы Иван Лангуев болду.

8 көнүгүүдөн турган турнирдин жыйынтыгына ылайык: так атуу, динамика жана алыскы аралыкка багыттоо категориялары боюнча 1-орунду жана 50 миң сомдук байгени Сергей Зуев багындырды. Ал эми таймаштын “күмүш” сыйлыгын — Евгений Витхин утуп алса, “коло” медалды Мирлан Акматов жеңип алды.

Таймаштын атайын байгеси, чехиялык Meopta компаниясынын оптикалык көрүнүшү — 730 метр аралыктагы бутага тийген Сергей Зуевге тапшырылды. Жарым автоматтык категорияда биринчи үчтүктө: Павел Титарев, Адилет Мамытбаев жана КРнын ИИМ кызматкери утушка жетишти.

Эске салсак, Кыргызстандын снайпинг федерациясы үстүбүздөгү жылдын июнь айында энтузиаст-аткычтардын демилгеси менен түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM