Биз менен байланышыңыз

Президент «фейктер» тууралуу мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 754 | 0

Президент Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Конституция ар кимдин ар-намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт.

Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тараптын жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын, милдеттерин жөнгө салат.

Муну менен мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында чындыкка дал келбеген маалыматтын таратылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт.

Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен былтыр парламент тарабынан үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук катуу каршылыгын билдиргенден кийин президент толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM