Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн (байкоочу катары) Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.
Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.