Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата коллекциялык тыйындар чыгарылды

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 195 | 0

Улуттук Банк 16-августтан тарта эгемендиктин 30 жылдыгына карата «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» аталышындагы алтын жана күмүш коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматы кабарлады.

Алтын тыйындын алдыңкы бетине оюу түшүрүлүп, боз үйдүн сүрөтү тартылган. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» деген жазуу бар.

Арткы бетине улуттук оюулар менен шырдактын – кийиз килемдин сүрөтү түшүрүлгөн. Тыйындын чок ортосуна Кыргызстандын герби тартылып, сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), ал эми оң жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Тыйынды айланта «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деп жазылган.

Ар бир коллекциялык тыйын сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучада таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык тыйындары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ.

  • Алтын тыйындын баасы: 50 660 сом.
  • Күмүш тыйындын баасы: 3 410 сом.

Коллекциялык тыйындарды сатуу Улуттук Банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM