Биз менен байланышыңыз

Кытайда Коммунисттик партиянын мүчөлөрүнүн саны 95 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 515 | 0

Кытайда 5-июнга карата Коммунисттик партиянын мүчөлөрүнүн саны 95 млн 148 миңди түздү. Бул тууралуу аталган партиянын Борбордук комитетинин уюштуруу иштери боюнча бөлүмү билдиргенин «Синьхуа» агенттиги жазды.

Партиянын мүчөлөрүнүн саны 2019-жылдын соңуна караганда 3,5%га көбөйгөн. Ошол эле учурда Кытай Эл Республикасы негизделген жыл – 1949-жылга салыштырмалуу дээрлик 20 эсеге арткан.

Жыл башынан бери партияга 2 миллиондон ашык киши мүчө катары кирген.

Белгилей кетсек, Кытайдын Коммунисттик партиясы 1921-жылы 1-июлда негизделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM