Биз менен байланышыңыз

Казакстанда кийим-кечек кымбатташы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 557 | 0

Казакстандын өзүнөн тигилген кийимдер да, чет элден келген кийимдер да болуп көрбөгөндөй кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу «Хабар-24» маалымат агенттиги жазды. 

Казакстандын жеңил өнөр жайчылары мунун себебин пахтанын аздыгына байланыштырышат. Ошол эле учурда пахтанын дүйнөлүк наркы да кескин көтөрүлүп кеткенин белгилешет.

Учурда Казакстанда кийим-кечекке болгон суроо-талап импорттук эсептен кармалууда. Буга чейин ички текстиль тармагы негизинен мамлекеттик буюртмаларды гана аткаруу менен алектенип, жалпы элди камсыздоо экинчи планда калып калган. Экинчи жактан Казакстан пахтасынын дээрлик көпчүлүгүн тышка экспорттоп жиберген.

«Жалпы биздин өлкөдө өстүрүлө турган пахта ички талапты камсыздай алат. Бирок анын баары экспорттолуп кеткендиктен өзүбүзгө пахта жетпейт», — дейт Казакстандагы «Жеңил өнөр жай ишканалары» коомунун президенти Любовь Худова.

Адистер Казакстанда суроо-талапты ички ишканалардын орундоосу үчүн 15-20 миң тонна пахта керек болорун айтышат. Текстиль тармагы алдын ала алынган тапшырыктарды аткаруу үчүн чийки затты сырттан сатып алууга мажбур болушууда. Анан калса, жүндөн токулган, синтетикадан жасалган кездемелердин да баасы көтөрүлүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM