Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Түркмөнстан Жапаровду дипломатиялык деңгээлде тоскон жок

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Июн 2021 | 17382 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон сапарынан эч жыйынтык күтпөй деле койсо болот. Мындай пикирин серепчи, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2004-жылдан баштап, 2010-жылга чейин 9,5 миң түркмөн студенти Кыргызстандын жогорку окуу жайларында контракт төлөп окуп келген. 2010-жылкы революциядан кийин Түркмөнстан алардын баарын чакыртып алган. Ошол күндөн азыркыга чейин Кыргызстандын Түркмөнстан менен саясатта, экономикада, билим берүүдө, аскерий жактан, же маданий жактан эч бир алакасы жок.

«Мунун өзүнүн жүйөлүү себептери бар. Кыргызстан — Түркмөнстан үчүн абдан кооптуу өлкө.  Биз аларга бейбаш элге окшоп көрүнөбүз, алар кыргыздардан демократия вирустарын жугузуп албайлы деп чочулашат», — дейт ал.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон сапарын жөн гана кошуналар менен таанышуу, саламдашуу катары кабылдоо керек. Башка эч бир жыйынтык алып келбейт. Пансионат тууралуу 2005-жылдан бери сүйлөшүлүп келе жатат, газ боюнча 20 жылдан бери чечилбей жатат. Түркмөнстандан инвестор чакырганга же ал жакта жеке сектор жок.

«Бул сапарда зээнди кейиткен бир нерсе — Түркмөнстандын бизди дипломатиялык деңгээлде тоспогону. Эмнеге дегенде буга чейин Атамбаев барган, Жээнбеков барган Түркмөнстанга, катышканбыз, көргөнбүз.  Аларды биринчи тосуп алганда вице-премьер — тышкы иштер министри Мередов тосуп алчу. Бул ирет бизди чакырып, «өзүңөр сурандыңар, өзүңөр келдиңер» деп, бир күн кабыл албай, күттүрүп… Бул эми дипломатиялык жактан туура көрүнүш эмес», — дейт тышкы иштер министринин мурунку орун басары.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM