Биз менен байланышыңыз

«Мунабия» тасмасы Лондондо өткөн кинофестивалда баш байге алды

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 280 | 0

Кыргызстандык режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия» тасмасы Лондондо өткөн Eurasian Creative Guild Film Festival-2021 фестивалына катышып, баш байге (гран-при) жана «Мыкты көркөм тасма» номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Лондодогу Евразия чыгармачыл гильдиясы 2015-жылы түзүлгөн. Анын максаты: таланттуу чыгармачыл инсандарды бир платформада жолуктуруу жана Борбор Азиядагы жазуучулардын, драматургдардын, кинорежиссёрлордун эмгектерин англис коомчулугуна жайылтуу.

Лондондо өткөн фестивалдын талабы боюнча көрсөтүлгөн тасмалардын актёрлору, режиссёрлору же тематикасы Евразия аймагына таандык болушу шарт. Тасмаларды тандоонун негизги критерийлеринин бири адамдын жан дүйнөсүн байыткан окуяны, кубулушту көрсөтүү болгон.

Эске салсак, «Мунабия» тасмасы Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок-2018» фестивалында баш байгени жана «Эң мыкты сценарий» номинациясын алган. Тасма жазуучу Казат Акматовдун «Мунабия» аңгемесинин негизинде тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM