Биз менен байланышыңыз

Мугалимдер жана окуучулар Көл жээгинде. Фестивалдын ачылышы болду (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 1312 | 0

28-июнь кечки саат 20:00дө Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын 30 жылдыгына жана «Сейтек» балдар борборунун 85 жылдыгына карата «Менин мекеним Кыргызстан» аталышында балдардын чыгармачыл фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдер, окуучулар, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова да катышты.

Ассоль Молдокматова фестивалдын ачылышында сөз сүйлөп жатып, балдарды тырышчаак болууга чакырды. Ошондой эле дайыма эмгектенүүгө үндөп, максаттарына жетүү үчүн күн сайын кадам таштоо маанилүү экенин белгиледи.

— Мени көп учурда «Кыргызстандагы балдардын апасы» деп аташат. Мен азыр ушул жерде туруп, силерге кайрылгым келет. Бүгүнтөн тарта ар бириңер максатыңарга жетүү үчүн бекем турууңарды өтүнөм. «Сенин колуңдан эч нерсе келбейт!» — деп айткан адамдарга ишенбегиле. Силердин колуңардан баары келет. Күн сайын максатыңарга жетүүгө кичинеден кадам таштай бергиле. Силер улууларды, ата-энеңерди сыйлап, көп китеп окуп, тил үйрөнүп, мугалимдериңерге ыраазычылык сөздөрүн айтып турушуңар керек. Айланаңарга жалаң гана жакшы адамдарды топтогула. Мен бала чагымда ушундай кылгам. Бүгүн мен ата-энесиз калган балдарга жардам берүү менен алектенип жатам. Силердин да ар бириңер өлкөнүн визиттик картасы болушуңарды каалайм. Эмгектенгиле, өзүңөрдүн күчүңөргө ишенгиле! — деди Ассоль Молдокматова.

«Мугалим» илимий педагогикалык журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова фестивалдын ачылышында өлкөнүн жети дубанынан келген мугалимдерди жана башка конокторду куттуктады. Көлдүн жээгинде өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарага белгилүү, эмгеги сиңген адамдардын катышып жатканы сыймык экенин айтты.

— Ушул жерде чыныгы мугалимдер отурат. Окуучу күткөн мугалимдер отурат. Ушул жерде таланттарын көрсөтүп жаткан балдардай, өлкөнүн бардык облустарындагы мектептердеги балдарга билим берген окутуучулар келди. Бул эс алуу сиздерге күч-кубат тартууласын. Балдарды сүйүп, изденип, ушул ишти таштабай иштеп келе жатканыңыздар өзүңүздөргө кут болуп, мындан ары да ишиңиздерден баар табыңыздар.

27-июнда Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Окуучу күткөн мугалим» III республикалык жайкы фестивалы башталган.

Өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдерге күн сайын окутуулар өтүп жатат.

Фестивалга 100дөн ашык мугалим жана 300дөй окуучу катышып жатат. Аны «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен бирге өткөрүүдө.

Иш-чара 3-июлга чейин болот. Ал быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.

Анын алкагында «Рух ордо» маданий борборуна, Кырчын жайлоосуна да саякат уюштурулат.

Төмөндө фестивалдын ачылышынан сүрөт жана видео:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM