Биз менен байланышыңыз

Замир кары Ракиев Азирети Муфтий болду

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 2739 | 0

Бүгүн, 26-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайы болуп, анда Замир кары Ракиев Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп шайланды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынын жетекчиси Максат Атабаев фейсбук баракчасына жарыялады.

Муфтийликке 9 киши талапкер болгон:

-Нурбек Токтогулов;

-Султанали Гапуров;

-Шүкүр Исмаилов;

-Нематилла Жээнбеков;

-Ниязали Арипов;

-Убайдулла Сарыбаев;

-Шакир Маматов;

-Сайдамир Джейналиев;

-Замир Ракиев.

Быйыл 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан Муфтияттагы каржылык маселелер боюнча айыпталып камалган. 12-февралда үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM