Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан 5 бейтап каза болуп, дагы 822 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 580 | 0

Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирус дагы 822 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында – 300, Ош шаарында – 70, Чүй облусунда – 207, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 42 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 475 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында — 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 604 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 626 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 807 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 106 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 858 киши айыгып чыкса, 1 миң 958 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM