Биз менен байланышыңыз

Быйыл беш айда Орусиядан 221 миң тонна дизель, 336 миң тонна бензин ташылып келген

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 268 | 0

Быйыл беш айда Кыргызстанга Орусиядан 336 миң тонна бензин, 221 миң тонна дизель майы ташылып келген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлү Талант Маматеминов билдирди.

Анын айтымында, былтыр сентябрь айында Орусия менен бажы төлөмү жок алынып келинүүчү мунай жана мунайзаттардын көлөмү боюнча индивативдик баланска кол коюлган. Ага ылайык, Орусиядан 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн 100 миң тонна май жана 50 миң тонна мунай алуу каралган.

«Быйыл январь-май айларында Кыргызстанда 336 миң тонна бензин, 221 миң тонна дизель майы алынып келди. Алардын баары бажы алымы жок ташылууда. Учурда индикативдик баланска өзгөртүү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ага ылайык, дизель майы 65 миң тоннага жана бензин 70 миң тоннага көбөйтүлөт», — деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, учурда Казакстандын Энергетика министрлиги менен бажы төлөмүсүз бензин алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Монополияга каршы агенттиктин өкүлү Сагын Маматоморовдун айтымында, Кыргызстан жылына 1 млн 200 миң тонна күйүүчү май керектейт. Анын ичинен 1 млн тоннага жакын күйүүчү май Орусиядан алынып келсе, 200 миң тоннаны биздин заводдор чыгарат.

Белгилей кетсек, индикативдик баланс менен Орусиядан бажы төлөмү жок ташылып келе турган мунай жана мунайзаттарынын көлөмү белгиленет. Андан ашыкчасына бажы төлөм алынат. Ошол эле учурда эки мамлекет жыл ортосунда индикативдик баланска алымча-кошумча киргизе алат.

Энергетика министрлиги Өзбекстанга дизель майын экспорттоого уруксат берүүнү сунуштоодо

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM