Биз менен байланышыңыз

Президент октябрга чейин жаңы Салык кодексин иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 593 | 0

2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулук менен болгон жолугушууда айтты.

Жапаров Салык кызматы пландык текшерүүлөр кыскарып жатканын айтканы менен пландык эмес жана ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтары бар экенин билдирди.

«Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчтөрү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда, бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт», — деди Жапаров.

Буга байланыштуу 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодекси, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгуу тапшырылды.

23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулук менен жолугушту.

УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюлат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM