Биз менен байланышыңыз

Ирандын жаңы шайланган президенти Жо Байден менен жолукпай турганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 548 | 0

Ирандын жаңы шайланган президенти Ибрахим Раиси Тегеранга карата киргизилген санкцияларды алуу маселеси боюнча АКШнын лидери Жо Байден менен жолукпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июндагы маалымат жыйында айтты.

«Иран Тегеранга каршы санцияларды алуу боюнча АКШнын президенти Жо Байдан менен сүйлөшүүгө барбайт», — деп билдирди Ибрахим Раиси.

Белгилей кетсек, Иранда президенттик шайлоо 18-июнда болуп өткөн. Шайлоону 17 млн 800 миң адамдын добушун алган Ибрахим Раиси жеңип чыккан. Ал 1960-жылы 14-декабрда туулган. Учурда 60 жашта.

Ирандагы президенттик шайлоодо Ибрахим Раиси эң көп добуш алды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM