Биз менен байланышыңыз

Европа өнүктүрүү банкы 30 жылда Кыргызстанга насыя жана грант катары 1 млрд доллар берген

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 699 | 0

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 30 жылда Кыргызстанга насыя жана грант катары 1 миллиард доллардан ашык каражат берген. Бул тууралуу аталган банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда ал Европа реконструкциялоо банкы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин белгилеген.

Нил Маккейн билдиргендей, банк Кыргызстандын туризмден баштап банк тармагына чейинки, ошондой эле суу менен камсыз кылуу тутумдары боюнча долбоорлоруна катышкан.

Сөзүнүн аягында ал банк Кыргызстан менен кызматташууну улантууга даяр экенин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM