Биз менен байланышыңыз

Ала-Бука районунда жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 374 | 0

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында Чангылов атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.

225 орунга эсептелген жаңы мектепте окуу класстары, иш бөлмөлөрдөн сырткары ашкана, спорттук зал, китепкана салынып, окуу үчүн зарыл болгон бардык шарттар, жабдуулар жана эмеректер каралган.

Курулушу былтыр январь айында башталып, наркы 705 миң долларды түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM