Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда цементтин баасы орточо 10,4%га, жыгач 15,6%га кымбаттаган

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 1289 | 0

Былтыркы жылдын май айына караганда быйыл май айына карата Кыргызстанда цементтин баасы орточо 10,4%га, курулуш жыгачтары 15,6%га кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Быйыл май айына карата азык-түлүк эмес товарлардын баасы 4,2%га арткан. Анын ичинде курулушта (үйдү оңдоодо) колдонулуучу материалдар орточо 10,5%га кымбаттаган. Ошол эле учурда бышкан кыштын баасы 17%га, шифердики 15,2%га өскөн.

Өлкө боюнча миң даана кыштын орточо баасы 7 миң 467 сом турат. Былтыркыга (май айына) караганда ал 1 миң 86 сомго кымбаттаган. Курулуш жыгачтарынын 1 куб метри 2 миң 53 сомго кымбаттап, 15 миң 232 сом болгон. Цементтин баасы 29,6 сомго өсүп, 314 сомду түзгөн. Шифердин 10 даанасы 3 миң 405 сом болуп, 448 сомго кымбаттаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM