Президенттин администрациясы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу юристтердин Эл аралык сотко кайрылганын сындады. Бийлик азыркы учурда эки өлкө чек ара маселелерин сүйлөшүүлөрдүн негизинде чече баштаганын, мындайда жарандык коомдун эл аралык сотко кайрылышы дипломатиялык сүйлөшүүлөргө доо кетириши мүмкүн экенин билдирди.
Бирок буга чейин Башкы прокуратура Тажикстандын аракетин аскердик агрессия катары расмий айыптаган.
Башкы прокуратура Баткен коогасын иликтөөгө киришти
Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Баткен окуясына байланыштуу президенттик администрациянын аракетин сындады. Ал Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, президенттик аппараттын билдирүүүсүн маскаралоо катары кабыл алганын айтты.
Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматта юристтердин кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасына кайрылганы сындалган.
Анда «айрым күчтөр» кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн деп айтылган.
«Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат. Өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.
Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, «айрым күчтөр» кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн.
Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн», — деп жазылат өлкө башчынын расмий сайтындагы маалыматта.
Дипломат, Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстанда жарандык коом өз пикирин эркин билдире аларын айтат. Алардын эл аралык сотко кайрылуусу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнө залакасын тийгизбейт.
Быйыл 28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.
Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.
Буга байланыштуу бийлик Тажикстан тарапты айыптаган эмес. Ал эми юрист Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылып, тажик бийлигинин аракеттерин иликтөөнү өтүнгөн.
Ал жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, иликтөөчү журналисттерден, окуяда жабыркаган адамдардан видео, сүрөттөр жана башка далилдер чогултулганын айткан.
Эл аралык кылмыш соту чек ара боюнча кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады
15-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасы кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 4-майда тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланарын расмий кабарлаган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгогон.
Бирок президенттик аппараттын соңку аракети кайра түшүнүксүз ойлорду жаратты. 25-майда кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкан. Эртеси күнү Тажикстандын Душанбе шаарынан «Манас» аэропортуна келген чартердик каттам артка кайтарылган.
Эл аралык маселелер боюнча аналитик, саясатчы Таалатбек Масадыков журналист Майраш Базлакунова менен болгон маегинде эл аралык соттордун чечимдери тууралуу пикирин билдирген.
Ал кыргызстандык юристтердин чек арадагы окуяга баа берүү тууралуу далил топтоп, сотко кайрылганы жакшы аракет болгону менен адилеттү чечим чыгары күмөн экенин айтууда.
Анткен менен коомдук ишмер Руслан Акматбек Баткендеги кандуу окуя кайталанбашы үчүн улуттук кызыкчылыкты коргоого чакырат. Анын пикиринде, Өкмөт кыла турган ишти жарандык коом аткарып, эл аралык коомчулукка Тажикстандан мурун кайрылганы маанилүү кадам болду.
Адам укуктарын коргогон эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстан менен Тажикстанды жай тургундардын өлүмүн, жабыркагандар боюнча тыкыр иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууга чакырган.
Ошондой эле укук коргоочулар эки тарапты тең адам укуктарын коргоого шарт түзүп берүүсүн сунуштаган.
Уюм белгилегендей, чек арадагы окуя учурунда аскердик мыйзам боюнча аскерий жана жарандык объектилерди өз алдынча кароо зарыл, мектеп, турак үйлөр аскердик максатта колдонулбашы керек.
Мындан сырткары, Human Rights Watch Кыргызстан менен Тажикстан бийлиги кылмыштын бетин ачуу үчүн жарандарына жардам бериши керектигин да белгилеген.