Бүгүн, 28-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 10 млн куб метрди түздү.
«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, суунун агып келиши секундасына 656 куб метр, агып чыгуусу 267 куб метрге жетүүдө.
Быйыл Токтогулда суунун көлөмө кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.