Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш: Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жалпы жыйында талкууланды

Саясат | 27 мая 2021 | 1582 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер жана бир канча мыйзам долбоору каралды. Ошондой эле «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзамы биринчи окууда талкууланды. 

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар, саясий, социалдык жана экономикалык маселелер көтөрүлдү. Алсак, депутат Айнуру Алтыбаева Ош шаарындагы таза суу көйгөйүнө токтолуп, «Бөлүнгөн каражаттар кайда кетти?» деген суроо салды.

«Ош шаары — республикалык статусу бар шаар. Күн жааганда эле шаар тургундарында ичкенге суу жок болуп калат. Буга чейин таза суу маселесин чечүү үчүн 9 млн евро бөлүнгөн эле. Ал каражаттар кайда кеткен? Эмне үчүн өлкөбүздүн экинчи борборунун калкы жайдын күнү таза суусуз калууда?»

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, Бейшеналиев уу коргошун менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылды.

«Уу коргошун менен ушунчалык Кыргызстанды уят кылды дүйнө жүзүнө. Эми кечээ Москвага барып келген президентибизди «Орусиянын президенти менен уу коргошун жөнүндө сүйлөштү» деп, карандай калпты айтты. Дагы жакшы, Эрбол (Султанбаев — президенттин маалымат катчысы) деген бала азамат экен, эки саатка жеткизбей апыртма экенин айтып чыкты. Болбосо, президентти да уят кылмакпыз да: «уу коргошунду Москвага барып кеп кылып келиптир» депчи». 

Ошондой эле депутат Тазабек Икрамов Баткен облусуна барган жаш дарыгерлердин ошол аймакта иштеп калуусу үчүн шарт түзүү зарылчылыгына токтолуп, муну менен катар Баткен окуясында каза болгон жоокерлерге «Эл Баатыры» наамын берүүнү сунуштап, Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайдын филиалын ачууну суранды.

«Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайын ачып берсеңиздер, өтө жакшы болмок. Ошол жердеги канчалаган жаштарыбыз окуп, келечекте элибизге, жерибизге чоң кызмат кыла турган жаштарыбыз өсүп чыкмак. Ушул маселени карап берсеңиздер, мен протоколдук тапшырма катары берет элем».

Ошондой эле жыйында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Анда баяндама жасаган Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев мыйзам аркылуу Баткен облусунда ыкчам чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнү жогорулатуу, калктын жашоосун жакшыртуу, ишкердикти  өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн Баткен облусуна өзгөчө макам берүү сунушталып жатканын билдирди.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Баткен облусун жалпы эркин экономикалык аймак катары таануу сунушун берди.

Министрлер кабинетинин өкүлү аталган демилге да каралып чыкканын белгилеп, ЕАЭБ алкагында айрым маселелерди эске алуу менен ички салыктык жеңилдиктерди киргизүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

«Ошондой эле кээ бир айылдарды кошумча нарк салыгынан тышкаркы башка бардык салыктардан бошотуу сунушталууда», — деп кошумчалады.

Депутат Авдывахап Нурбаев мыйзам долбоорундагы көп нерсе куру сөз экенин белгилеп, толуктоо үчүн бир нече сунушун берди.

«Облусту өнүктүрүү үчүн инвесторлорго салыктан жеңилдик берип, текшерүүнү азайтуу керек. Андан тышкары жарандардын баары сапаттуу мектеп жана ооруканаларга жакын жашоого аракет кылууда. Андыктан, жеке социалдык жайлардын ачылышына колдоо көрсөтүлүшү керек».

Эске салсак, 2-апрелде «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзам долбоору Өкмөттүн расмий сайты аркылуу коомдук талкууга коюлган. 18-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Айыл, суу жана токой чарба министрлиги унуштаган мыйзам долбоорго канааттанган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM