Биз менен байланышыңыз

Беларуска салынган санкциялар: Каттамдар четинен токтотулуп баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2021 | 629 | 0

Ирландиянын «Ryanair» авиакомпаниясынын учагы менен байланышкан окуядан кийин Европа Биримдигинин жана башка мамлекеттердин компаниялары Беларусь мамлекетине болгон аба каттамдарын токтотууда. Бул тууралуу telegraf.by сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Франция менен Улуу Британия Беларустун «Белавиа» компаниясынын учактарынын учуусуна тыюу салып, өздөрүнүн авиакомпанияларына Беларуска каттоону, кала берсе анын аймагынан учуп өтпөөнү сунуштаган.

Ошондой эле учурда Нидерландынын «KLM», Франциянын «Air France», Германиянын «Lufthansa», Кипрдин «AviaSolutions», Улуу Британиянын «British Airways», Финляндиянын «Finnair», Швециянын «SAS», Литванын «KlasJet», Польшанын «LOT», Венгриянын «Wizz Air», Латвиянын «Air Baltic», Австриянын «Austrian Airlines» жана Сингапурдун «Singapore Airlines» авиакомпаниялары Беларуска барууну жана анын аймагы аркылуу учууну токтоторун билдирген. Аны менен бирге Украинанын президенти Владимир Зеленский өкмөткө Украина менен Беларустун ортосундагы түз аба каттамын токтотууну тапшырган.

Эскерте кетсек, 23-майда «Афина – Вильнюс» багыты боюнча учуп бара жаткан  «Ryanair» авиакомпаниясынын учагы Минсктин улуттук аэропортуна кондурулган. Ирландиялык авиакомпания билдиргендей, алар «учакта жардыруучу зат бар» деген маалыматтан улам Беларусь бийлигинин буйругу менен аэропортко конгон. Ал эми Беларусь тарап учак өзү аэропортко конууга уруксат сураганын билдирген.

Бир канча сааттык текшерүүлөрдөн кийин учактан кооптондура турган заттар табылган эмес. Бирок Беларустун укук коргоо органдары өз өлкөсүндө экстремисттик деп табылган «Nexta» телеграм-каналынын мурдагы редактору Роман Протасевичти жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы кармап калышкан.

Бул окуядан кийин Европа Биримдиги Беларуска карата экономикалык санкцияларды киргизүүнү, Беларустун авиакомпанияларына Европа Биримдигине учуусун токтотууну, аны менен бирге өздөрүнүн авиакомпанияларына Беларустун аймагын айланып өтүүнү сунуштаган.

Европа Биримдигинин Кеңеши аталган окуя боюнча билдирүү жасап, Беларуска карата экономикалык да санкциялар киргизилерин жарыя кылган.

«Европа Биримдигинин Кеңеши Роман Протасевич менен София Сапеганы дароо бошотууну талап кылат. Алардын ээн-эркин жүрүүсүнө кепилдик берилиши керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Брюссель Эл аралык жарандык авиация уюмун аталган окуяны иликтөөгө алууга үндөгөн.

Бишкек – Минск – Бишкек багыты боюнча жаңы аба каттамы ачылат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM