Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Минск – Бишкек багыты боюнча жаңы аба каттамы ачылат

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 804 | 0

Бишкек – Минск – Бишкек багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Avia Traffic Company» сайтына жазды.

Минскиге туруктуу аба каттамдары быйыл 25-июндан тарта ачылат. Аны шейшемби жана жума күндөрү AirBus A320 учагы аткарат.

«Бул каттам Орусиянын, Украинанын жана Батыш Европа өлкөлөрүнүн көптөгөн шаарларын кыдырган жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу учууларды камсыз кылат. Ошондой эле Минскинин жанында жайгашкан коңшу шаарларга саякаттоого жол ачылат», — деп айтылат маалыматта.

Ушул күндөрү дүйнө мамлекеттери Беларусияга каттамдарын токтотуп жатат. Европа Биримдигиндеги мамлекеттеринин лидерлери 25-май күнү Беларусияга каршы санкция киргизүүгө макулдашкан. Беларусиянын авиациясы Евробиримдиктин бардык 27 мамлекетинин аба мейкиндигин пайдалануусуна тыюу салынды.

Буга 23-майда Грециядан Литвага учкан жүргүнчү лайнеринин Минскиде мажбурлоо менен кондурулганы себеп болду.

Учак Минск аэропортуна конгондон кийин Беларусиянын бийликтери журналист жана блогер Роман Протасевичти камакка алышкан. Ал Беларусия президенти Александр Лукашенконун режимин сындап, бийликтин репрессиялык аракеттерине каршы ачык акцияларга катышкан. Ал Беларустагы ири демонстрацияларда маанилүү роль ойногон «Nexta» телеграм-каналынын мурдагы редактору. Журналист Минск шаарындагы СИЗОго жеткирилген.

Беларуска салынган санкциялар: Каттамдар четинен токтотулуп баштады

Copyright © 2017 Maral FM