Биз менен байланышыңыз

Ильгиз Шамырзаев Оштун жыл мугалими аталды (маек)

Бүгүн, 20-майда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында 2 айга созулган «Жылдын мыкты мугалими — 2021» кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.

Сынакта баш байге алган №52 Кыргыз-Түрк достугу мектебинин мугалими Ильгиз Шамырзаевге батир ыйгарылды. Биз 28 жаштагы агайды жеңиши менен куттуктап, ийгиликке жетүү сырларын сурап көрдүк.

— Ильгиз мырза, сизди куттуктайбыз! Жеңүүчү болуп сахнага чакырылганда кандай сезим болду? Баш байгеге ээ болом деп күттүңүз беле?

— Албетте кубандым. Бирок чынын айтканда, ушул сынакта жеңип чыгарыма аябай ишенгем. Себеби бул иш үчүн бардык дараметимди салып, колумдан келишинче баарын мыкты даярдаганга, аткарганга күнү-түнү аракет жасап, эмгегимдин үзүрүн көрдүм десем жаңылышпайм.

— Конкурс кандай өттү? Жеңүүчүлөр кантип тандалды?

— Сынак 2 ай мурун Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан жарыяланган. Бул сынак 4 баскычтан турган:

— биринчиси, сынак мектептер арасында өткөрүлүп, жеңүүчү шаардык баскычка жолдомо алды, ал эми шаардык баскыч да 4 этап менен каралып, анда мугалимдер өздөрүнүн портфолиолорун тапшырды;

— экинчиси, биз өзүбүздүн предметибиз боюнча ачык сабактарды өткөрдүк;

— үчүнчүсү, жалпы психологиялык-педагогикалык 30 суроодон турган тестирлөөдөн өттүк;

— төртүнчүсү, өзүбүздүн кесибибиз боюнча квалификацияланган 20 суроодон турган тесттен өттүк.

Анан алардын жыйынтыгы менен финалга 7 мугалим тандалып алынып, алардын арасында да 4 этаптан турган сынак өткөрүлдү. Андан кийин гана, мыктылардын мыктысы тандалып, бүгүн Ош улуттук драм театрында сыйлоо аземи болуп өттү.

— Конкурс кандай форматта өттү?

— Былтыр болсо кырдаалга байланыштуу конкурс үзгүлтүккө учурап калган. Ал эми быйыл болсо, офлайн форматта — кадимки режимде эле өттү.

— Кийинки жылы катышам деген мугалимдерге кандай кеп-кеңештерди берет элеңиз?

— Албетте, сынакка катышам деген, шымаланып, даярданып турган мугалим ар тараптуу чыгармачыл, бир учурда өзүнүн документтерин өзү түзө алган, креативдүү болушу керек. Албетте, өзүнүн үстүндө иштеген гана мугалим жеңишке жетише алат, себеби дегенде бул жерде мугалимдин бир эле багыттагы ийгилиги эмес, бир нече багыты, критерийи боюнча иргелип, жыйынтыгында мыктынын мыктысы гана тандалат. Ошондуктан кийинки жылы катышам деген мугалимдерге көбүрөөк изденүү, окуу, такшалуу, өзүнөн үстүнөн иштөө, макалаларды жазуу, гези-журналдар менен кызматташууну сунуштайт элем.

Copyright © 2017 Maral FM