Биз менен байланышыңыз

21-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 461 | 0

21-майда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде ак жаан төгөт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM