Биз менен байланышыңыз

Кыска мөөнөттүү курстарда артыкчылыктуу кесиптер аталды (тизме)

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 634 | 1

Кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууда артыкчылыктуу тармактар болуп, маалыматтык технологиялар, айыл чарба, энергетика, тамак-аш жана жеңил, тоо-кен казуучу өнөр жай, туризм, транспорт саналат. Бул тууралуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду билдирди.

Ошондой эле аталган фонд башка тармактар боюнча да курстарды жана өлкөнүн бардык аймактарындагы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча курстарды уюштурат:

Автомаляр

Автоматташтырылган бух.учет (1С)

Автослесарь-автоэлектрик

Автоэлектрик

ЖК билими менен бухгалтер

Веб-дизайнер

Визажист

Гипсокартонщик

Горничная

Графикалык дизайнер

Жарнамалоо жаатында компьютердик графиканын дизайнери

Бычмачы

Кыш кыноочу

Компьютердик сабаттуулук

Кондитер

Маникюр, педикюр жасоочу

Массажист

Тырмак жасалгалоочу мастер

Маникюр жасоо жана тырмак өстүрүү боюнча мастер

 

Тиричилик техникасын оңдоо жана тейлөө боюнча мастер

Компьютерлерди оңдоо жана тейлөө боюнча мастер

Компьютерде терүүчү-верстальщик

Байланыш борборунун оператору

Жеке компьютер оператору

Вагонду кароочу-оңдоочу

Жасалгалоочу-жылуулоочу

Кеңсе-менеджери

Официант

Чач-тарач

Наабайчы-кондитер

Мукабачы

Басуучу
Жыгач уста

 

Ашпозчу

ЖК колдонуучусу

Auto-cad, 3D-Max, Excel, Arhi-cad билими менен ЖК колдонуучусу

Сатуучу-консультант

Лекалаларды жайгаштыруучу

Бычмачы

Системдик администратор

Автоунааларды оңдоо боюнча слесарь

Автоунааларды оңдоо боюнча слесарь (электрик)

Автоунаалардын кыймылдаткычын жана жүрүүчү түйүндөрүн оңдоо боюнча слесарь

Столяр

Токарь

Тигүүчү

Шыбакчы-маляр

Электр-газ ширетүүчү

жана башкалар (110 курс)А

 

Кыска мөөнөттүү курстардын тизмеси суроо-талапка ээ болгон жаңы жумушчу кесиптер боюнча окутууга зарылчылык жана керектөө болгонго жараша иш берүүчүлөрдүн/ишканалардын суроо-талабы боюнча жаңы кесиптер менен толукталышы мүмкүн.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду үстүбүздөгү жылдын башынан баштап 78 окуу жайды алдын ала квалификациялоодон өткөргөн, анын ичинде 64 кесиптик лицей, 7 колледж, 6 окуу борбору жана 1 университет, кыска мөөнөттүү курстар үчүн 110 кесип тандалып алынган. Азыркы учурда окуу группаларын түзүү жана комплекттөө процесси жүргүзүлүүдө. КӨФтүн негизги өнөктөштөрү менен, анын ичинде мамлекеттик органдар, жеке уюмдар жана иш берүүчүлөр ассоциациялары менен кызматташуу жөнүндө макулдашуулар жетишилди жана 20дан ашуун Меморандумга кол коюлду.

1 пикир

1 пикир

  1. Дулат

    15.05.2021 08:59

    Канча жашка чейинкилер окуй алышат?Бул курстарга окуу учун толому канча сом?Кайсы ларек боюнча кайрылса болот? Курста окуу учун кандай документтер талап кылынат? Абдан керектуу жумуштар,жумушсуздар учун ылайыктуу экен абдан жакшы сунуштар экен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM