Биз менен байланышыңыз

Меценат Ташкул Керексизов көз жумду

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 889 | 0

Меценат, коомдук ишмер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух Ордо» жана «Аалам Ордо» маданий борборлорунун негиздөөчүсү Ташкул Керексизов көз жумду. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн «Твиттер» баракчасына жарыялады.

Жакындарынын айтуусунда кечээ, 7-майда 73 жаш курагында Керексизов Бишкектеги Жугуштуу оорулар бейтапканасында көз жумган. Ал коронавирус жугузуп, акыркы күндөрү аталган ооруканада дарыланып жаткан.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, жогорку билимге ээ болгон. Райондук акимчиликтеги кызматкерден тартып президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлк фондунун, Бажы кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Маркумдун сөөгү 9-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

«Марал» радиосунун жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM